АКШ сенатору Берни Сандерс Газа тилкесиндеги гуманитардык кризис «сүрөттөп жеткис деңгээлге жеткенин» белгилеп, Вашингтонду Израилге аскердик жардам көрсөтүүнү токтотууга кайрадан чакырды.
Америкалык X социалдык тармагында жарыяланган видео кайрылуусунда Сандерс Газадагы курмандыктардын басымдуу бөлүгүн аялдар, балдар жана кары-картаңдар түзөрүн айтты. Анын айтымында, анклавдагы инфраструктура дээрлик толугу менен кыйраган.
«Турак-жайлар, суу менен камсыздоо системалары, канализациялар, мектептер, университеттер — баары кыйратылган», — деди ал.
Сенатор Израил армиясынын жүргүзүп жаткан блокадасы азык-түлүктүн жеткирилишине тоскоол болуп жатканын белгиледи.
«Жүздөгөн адамдар ачарчылыктан каза болууда. Биз балдар ачка калып жаткан деңгээлдеги варвардыкка жеттик», — деди Сандерс.
Ал мындан тышкары, бир нече айдан бери премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун өкмөтүнө АКШнын аскердик жардам беришине каршы чыгып жатканын эске салды.
«Америкалык эл өзүнүн салыгынан түшкөн миллиарддаган доллар Израил өкмөтүнө барып, Газанын балдарын ачка кармоого жумшалышын каалабайт», — деп жыйынтыктады сенатор.

















