Бул маданий иш-чарага Ирандын китеп басып чыгаруучулары да катышууда. Жарманке 7-сентябрга чейин уланат.
Бул жолу Россиянын аймактарынан, ошондой эле Иран, Беларусь, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы жана Түндүк Кореядан жалпы 300дөн ашуун басма жана китеп таратуучу компания өкүлдөрү катышууда.
Ирандын павильону Ирандын Китеп жана адабият институту тарабынан Россиядагы Ирандын маданий өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурулду.
Ирандын маданий өкүлү IRNA агенттигине билдиргендей, «көргөзмөдө иран таануу, фарсы тилин үйрөнүү, ислам таануу, балдар жана өспүрүмдөр адабияты, искусство, «каршылык жана чыдамкайлык» адабияты, классикалык жана заманбап адабият» темаларындагы 320дан ашуун китеп көргөзмөгө коюлган.

















