Орусияда күн карама майын чыгаруу кескин азайды: августтун жыйынтыгында өндүрүш өткөн жылга салыштырмалуу 11% кыскарып, 6,94 млн тоннага түштү. Жалпысынан өлкөдөгү өсүмдүк майларынын көлөмү да 7%га азайып, 9,47 млн тоннага жетти.
Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы OleoScope маалыматына таянып жазды. Мындай көрсөткүчтөр бир катар заводдордун токтоп калышы менен түшүндүрүлөт. «Рексофт Консалтинг» АПК компетенциялар борборунун башкаруучу директору Дмитрий Красновдун айтымында, февралда алардын рентабелдүүлүгү минус 20%ды түзгөн. OleoScope маалыматына ылайык, Орусияда кайра иштетүүнүн жалпы көлөмү бир жылда 5,7%га азайып, 26,3 млн тоннага түштү.
Масложировой союзунун аткаруучу директору Михаил Мальцев түшүндүргөндөй, кайра иштетүүнүн экономикасы терс болуп калган: күн карама уругунун кымбатташы, дүйнөлүк баалардын токтоп турушу, рублдин чыңдалышы жана бажы төлөмдөрү таасир эткен. Neo компаниясынын бизнес өнүктүрүү боюнча өнөктөшү Альбина Корягинанын эсеби боюнча, тазаланбаган күн карама майынын маржиналдуулугу 2023-жылдын жыйынтыгы менен 11,4% болсо, 2025-жылдын биринчи чейрегинде болгону 0,6%га чейин түшүп кеткен. Тазаланган май сегментинде бул көрсөткүч 5,9%, бирок жалпы алганда экономикадагы начарлоо май чыгарууну бизнес үчүн кызыксыз кылууда.
Март айында өлкөдөгү ири агроөнөр жай компанияларынын бири — «Эфко» Краснодар крайындагы суткасына 3,2 миң тонна кубаттуулуктагы эки ишканасын убактылуу токтотконун билдирген. «Натуральные продукты» компаниясынын тең-куруучусу Алексей Подобедов жазында май заводдору жарым жылдан ашуун «зыянга иштеп жатканын» айткан. «Бул сезонго биз ишенбейбиз, максат — чыдап, кийинкисин күтүү», — деген ал.
Жаңы айыл чарба жылында (1-сентябрдан башталган) чийки зат менен даяр продукциянын баасында баланс болушу мүмкүн деп эсептейт Масложировой союзунун өкүлү Мальцев. Анын айтымында, өсүмдүк майларынын өндүрүшү кийинки 12 айда 7,5%га өсүп, 10,5 млн тоннага жетиши мүмкүн. «Рексофт Консалтингдин» жетекчиси Краснов эске салгандай, күн карама эгининин аянты бир жылда 13%га көбөйгөн. Анын эсеби боюнча, бул түшүмдү 16,9 млн тоннадан 18 млн тоннага чейин көтөрүп, кайра иштетүүнүн өсүшүнө алып келет.
Акыркы 12 айда күн карама майынын экспорту 11%га азайып, 4,72 млн тоннага түштү, деп белгилешет OleoScope’то. Ошол эле учурда, акчалай эсептегенде январь-июль айларында экспорт $2,9 млрд түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 3%га көбөйгөнүн «Агроэкспорт» жетекчиси Илья Ильюшин билдирди. Жаңы айыл чарба жылында өндүрүш көбөйсө, өсүмдүк майларынын жалпы экспорту 21%га өсүп, 8,2 млн тоннага жетиши мүмкүн дешет Масложировой союзунда. Бирок Красновдун айтымында, эл аралык рыноктогу күчөгөн атаандаштык муну ишке ашырууга жол бербеши мүмкүн.


















