Кечээ, 2-сентябрда, футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Омандын командасы менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.
Оюндун алгачкы бөлүгүндө “Ак шумкарлар” топту ээлөөдө эле эмес, бир гол киргизүү менен мыктылыгын көрсөттү. Тактап айтканда, 24-минутада Тамирлан Козубаев гол киргизип, команданы алдыга алып чыкты. Эсеп: 0:1 болду.
Экинчи бөлүктөгү оюндун ыргагын омандыктар ээлөөгө аракет кылганы менен биздин футболчулар бул жолу да мыктылыгын көрсөттү. Экинчи бөлүктө эки гол киргизгени менен (Эрбол Атабаев (68′), Кожо Жоэль (90′), бул голдор эсепке алынбай калды. Бирок оюндун негизги бөлүгү бүтүп, кошумча берилген убакытта омандыктар эки гол киргизип, эсеп: 2:1 болду.
Ошентип беттештин дээрлик көпчүлүк бөлүгүндө үстөмдүк кылып жаткан “Ак шумкарлар” күтүүсүз жеңилүү ызасын тартышты.
CAFA улуттар кубогунун “А” тайпасындагы Түркмөнстан менен Өзбекстандын оюну 1:2 менен аяктап, Өзбекстан пайдасына жыйынтыкталды. Турнирдик таблицага ылайык, кошуналар 4 упай менен биринчи орунга көтөрүлсө, экинчи Оман, андан кийин Кыргызстан жана Түркмөнстан жайгашты.
Эми алдыда биздин футболчулар өзбекстандыктар менен 5-сентябрда беттешет.



















