Ирандын президенти Масуд Пезешкян Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Кытайдагы саммитинде сүйлөп жатып, Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч туудурган кризистерди чечүү үчүн ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин комитетин түзүүнү сунуштады.
31-августтан 1-сентябрга чейин Кытайдын Тяньцзинь шаарында ШКУнун тарыхындагы эң ири саммити өтүп жатат, ага 20дан ашык чет элдик лидерлер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
“Тынчтыкты сактоо чөйрөсүндө ШКУнун курамындагы мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринен турган комитет түзүү зарыл, алар аймактагы (Жакынкы Чыгышта – ред.) тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч туудурган жагдайлар тууралуу пикир алмашып, кризисти жөнгө салуу боюнча таасирдүү сунуштарды киргизишет жана аны изилдөө механизмдерин иштеп чыгышат”, – деп президенттин сөзүн анын администрациясынын расмий сайты келтирет.
Пезешкяндын айтымында, комитет потенциалдуу жана реалдуу кризистер келип чыкканда анын катышуучуларынын биринин өтүнүчү боюнча “уюмдун интеллектуалдык жана оперативдүү рычагынын ролун аткарып”, эгемендиги бузулган мүчөгө ар кандай жолдор менен жардам көрсөтүүгө умтулуп, дароо жыйынга чакыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.
ШКУ – 2001-жылы негизделген эл аралык уюм. Ага Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан кирет. 2024-жылдын 4-июлунда уюмга Астанада өткөн саммитте Беларус расмий түрдө кошулган. Байкоочу мамлекеттер – Афганистан жана Монголия. Диалог боюнча өнөктөштөр – Армения, Азербайжан, Бахрейн, Египет, Камбоджа, Катар, Кувейт, Мальдивдер, Мьянма, Непал, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Түркия жана Шри-Ланка.

















