АКШ президенти Дональд Трамптын кеңешчиси Питер Наварро эскерткендей, эгер Жогорку сот Трамптын доорунда киргизилген тарифтерди жокко чыгарса, бул «АКШнын акыр заманы» болушу мүмкүн.
Бул тууралуу ал Fox News телеканалындагы Sunday Morning Futures программасында билдирди.
Ак үйдүн соода боюнча кеңешчиси Питер Наварронун айтымында, эгер Жогорку сот Трамп киргизген ири дүйнөлүк тарифтерди жокко чыгарса, бул «АКШ үчүн апааттуу» болот.
Анын бул сөзү жума күнү кечинде федералдык апелляциялык сот төмөнкү инстанциянын чечимин колдогондон кийин айтылды. Сот тарифтер Эл аралык өзгөчө экономикалык ыйгарым укуктар жөнүндө мыйзамга (IEEPA) туура келбейт деп тапкан.
Наварронун айтымында, тарифтерди жокко чыгаруу федералдык бюджетке Трамптын бажы саясаты аркылуу түшүп жаткан кирешелердин чоң бөлүгүн жоготот.
Мисалы, бир гана август айында тарифтерден түшкөн киреше 31 миллиард долларды түзгөн, бул АКШнын Каржы министрлигине түшкөн жалпы акча каражаттарынын 8%дан ашыгы. Аналитиктер эскерткендей, эгер апелляциялык соттун чечими күчүндө калса, 2034-финансылык жылга чейин Трамптын тарифтик саясаты аркылуу түшкөн кирешелер 2 триллион долларга азайып, бюджетке болгон таасири 71%га кыскарат.
Наварро тарифтер «өзгөчө кырдаалдарга», атап айтканда, чет өлкөдөн фентанилдин агымы жана соода тартыштыгына каршы чара катары зарыл болгонун белгиледи. Анын айтымында, бул коркунучтар жоюлса, тарифтер тез арада токтотулушу мүмкүн.

















