Немистердин “Compact” саясий журналы Россиянын президенти Владимир Путиндин урматына 999 таза күмүштөн тыйын чыгарылганын жарыялады. Тыйындын биринчи бетинде орус лидеринин сүрөтү түшүрүлгөн. Коллекциянын баасы 74,95 еврону түзөт.
Бул тууралуу аталган журналга шилтеме берип “Российская газета” басылмасы жазды.
Тыйында Россиянын президентинин сүрөтү түшүрүлүп, анда “Патриот Владимир Путин” деген жазуу бар. Бул тыйындар медаль катары классификацияланып, расмий валюта болуп эсептелбей турганы белгиленген.
“Орус патриоту НАТОнун согушун тутандыруучуларына каршы… Бул биз үчүн Путиндин жаңы күмүш медалы менен аракетин баалоого жетиштүү негиз”, – деп жазган “Compact”.
Журнал орус лидеринин христиандык баалуулуктарды коргоп, эгемендүү мамлекетке умтуларын баса белгилеген.
Путиндин сүрөтү түшүрүлгөн монетанын баасы 74,95 еврону түзөт.
Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын августунда Compact компаниясынын башкы директору Юрген Эльзессер Путинди колдой турганын жарыялаган.
Compact журналы 2010-жылдан бери чыгып келе жатат.
2021-жылдын декабрында Германиянын Конституцияны коргоо боюнча федералдык бюросу журналды оңчул экстремисттик деп тапкан.
Ал эми 2024-жылы июлда Германиянын Ички иштер министри Нэнси Фезер Compact журналына тыюу салып, редакциясы тинтилген. 2025-жылдын июнь айынын аягында сот журналга тыюу салууну жокко чыгарган.
















