Индия жана Кытай өкмөттөрү 2020-жылдан бери биринчи жолу Гималайдагы чек ара аркылуу сооданы жандандыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулоодо. Бул эки өлкөнүн мамилелерин нормалдаштыруунун кийинки кадамы болушу мүмкүн.
Бул тууралуу Bloomberg Индиядагы атын атабаган аткаминерлерге таянып жазды.
Алардын айтымында, сооданы жандандырууга эки тарап тең кызыгуу билдирген. Индиянын ТИМи бул маалыматты комментарийсиз калтырды, ал эми Кытайдын тышкы иштер министрлиги Пекин бул маселеде Индия менен «диалогду жана координацияны күчөтүүнү» кааларын билдирди.
«Кытай менен Индиянын чек ара аркылуу соодасы ар дайым чек арага жакын аймактардагы тургундардын жашоо шартын жакшыртууда маанилүү роль ойноп келген», — деп белгилешти министрликтен.
Сооданын жанданышы 2024-жылдын октябрында Казанда өткөн БРИКС саммитинде Индиянын премьери Нарендра Моди менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунан кийин башталган мамилелерди нормалдаштыруу процессинин кезектеги белгиси болот. Мындан тышкары, сентябрда Дели менен Пекин түз аба каттамдарын калыбына келтириши мүмкүн. Моди 31-август – 1-сентябрь күндөрү Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине баруусу мүмкүн. Бул Модинин акыркы жети жылдагы Кытайга алгачкы сапары болот.



















