АКШнын президенти Дональд Трамп менен Россиянын президенти Владимир Путиндин Аляскада боло турган саммитине байланыштуу Кошмо штаттарынын Каржы министрлиги санкциядагы бир катар россиялык аткаминерлерге убактылуу уруксат берди. Тараптардын жолугушуусу үчүн зарыл болгон уруксаттын мөөнөтү 20-августка чейин күчүндө болот.
Бул маалыматты CNN телеканалынын билдирүүсүнө таянып Интерфакс.ru агенттиги жазды.
“АКШнын Каржы министрлиги шаршемби күнү АКШ президенти Дональд Трамп менен Россиянын президенти Владимир Путиндин Аляскада боло турган саммитине байланыштуу иш-чараларды өткөрүү үчүн Россияга каршы айрым санкцияларды убактылуу токтоткон лицензия берди”, – деп айтылат маалыматта.
Американын Каржы министрлигинин өкүлүнүн берген маалыматына караганда, саммитке катышуу үчүн Аляскага бара жаткан россиялыктардын көбү АКШга кирүүгө уруксат алышкан.
Эскерте кетсек, Россия менен Украинын жаңжалына байланыштуу АКШ тарабынан бир катар россиялык аткаминерлерге санкция салынган.
АКШнын Каржы министрлигинин санкциялык чектөөлөрүнө 13 жогорку даражалуу россиялык, анын ичинде ири мунай компанияларынын жетекчилери жана Россиянын Энергетика министрлигинин кызматкерлери кирген. Алардан тышкары 30дан ашык мунай кендерин тейлөөчү компаниялар менен “Газпром Нефть” жана “Сургутнефтегаздын” 27 туунду компаниялары бар.
Кошумчалай кетсек, Россия менен АКШнын президенттеринин Аляскадагы жолушуусу 15-августта болот.


















