2025-жылдын 13-августунда Ирандын Улуттук коопсуздук жогорку кеңешинин катчысы Али Лариджани расмий визит менен Бейрутка барып, Ливандын президенти Жозеф Аун менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, Лариджани Иран менен Ливандын элдери кылымдар бою жакын мамиледе болуп келгенин белгилеп:
«Биз ар кандай шартта Ливандын урматтуу элинин жанында болобуз», – деди.
Визит алкагында анын премьер-министр, парламент спикери, ошондой эле бир катар илимий жана саясий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушары күтүлүүдө.
Al Arabia маалымдагандай, Бейрутка келери менен Лариджани Тегеран Ливанды колдоону жана анын кызыкчылыктарын коргоону улантаарын билдирди. Ошол эле учурда ал Ливан өкмөтүнүн «Хезболлах» тобун куралсыздандыруу боюнча пландарын сынга алды.

















