Кытай Элдик-боштондук армиясынын Аскер-деңиз күчтөрү (АДК) АКШнын USS Higgins эсминецин коштоп, аны Түштүк-Кытай деңизиндеги Хуанъянь аралынын (Скарборо рифинин) аймактык сууларынан сүрүп чыгарышты.
Reuters агенттиги кабарлагандай, бул тууралуу Кытай АДКнын Түштүк согуштук командачылыгы билдирди.
«13-августта АКШнын USS Higgins эсминеци Кытай өкмөтүнүн уруксатысыз, мыйзамсыз түрдө Хуанъянь аралынын аймагындагы Кытайдын аймактык сууларына кирген. Түштүк согуштук командачылык мыйзамга ылайык аны көзөмөлдөп, сүрүп чыгаруу үчүн деңиз күчтөрүн уюштурду», — деп айтылат аскерий мекеменин билдирүүсүндө.
Кытай көп жылдардан бери Түштүк-Кытай деңизиндеги айрым аралдардын аймактык таандыгы боюнча бир нече өлкө менен талашып келет. Бул райондо шельфте ири көмүрсутек корлору табылган. Негизинен сөз Сиша архипелагы (Парасел аралдары), Наньша архипелагы (Спратли аралдары) жана Хуанъянь (Скарборо рифи) жөнүндө болууда. Бул маселелер Бруней, Вьетнам, Малайзия жана Филиппиндерди да камтыйт.















