Eurasiatoday
Ишемби, 28-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Араб жана Европа өлкөлөрү ачарчылык тооруган Газага абадан жардам ташташты. Видео

  • Батыш Азия, Европа
  • 04.08.2025 12:57

Loading

Газа тилкесинде гуманитардык абал күндөн-күнгө оорлоп, ачарчылыктан адамдардын өмүрү кыйылып жатат. Израилдин блокадасынан улам азык-түлүк жана дары-дармек тартыштыгы күчөп, эл аралык коомчулук абадан гуманитардык жардам таштоого аргасыз болду.

Биринчи жардам жеткирүүлөр

Газага абадан гуманитардык жардам таштоону Иордания менен Бириккен Араб Эмираттары 27-июлда баштаган. Бул аракет Израил эл аралык коомчулуктун басымынан кийин макулдук бергенден соң мүмкүн болду. Мындан тышкары, Израил 27-июлдан баштап БУУнун агенттиктери жана башка эл аралык уюмдардан гуманитардык жүк ташыган 200дөй жүк ташуучу унааны Газа тилкесине киргизди.

Тема боюнча

БУУ коңгуроо кагууда: Газадагы балдар сууктан жана жугуштуу оорулардан массалык түрдө каза болушу мүмкүн

БУУ коңгуроо кагууда: Газадагы балдар сууктан жана жугуштуу оорулардан массалык түрдө каза болушу мүмкүн

13.11.2026

Анын алкагында Бириккен Араб Эмираттары, Египет, Иордания жана бир катар Европа өлкөлөрү Израилдин Коргоо күчтөрү (ЦАХАЛ) менен биргеликте акыркы бир нече сааттын ичинде Газа тилкесине абадан гуманитардык жардам ташташты.

Атап айтканда, 2-августта Иордания, Египет, Германия, Бириккен Эмирликтер, Франция жана Бельгия Газага асмандан 136 таңгак гуманитардык жардам ташташты.

Por Gaza

@AECID_es @MAECgob @Defensagob pic.twitter.com/Gam8ImqyDt

— José Manuel Albares (@jmalbares) August 1, 2025

Египеттин куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн аскер-аба күчтөрүнүн учактары үч күндүн ичинде Газа тилкесинин жетүүгө кыйын аймактарындагы тургундарына ондогон тонна азык-түлүк жардамын таштады.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон жума күнү Газага бир нече тонна азык-түлүк  ташталган видеону Х соцтармактагы баракчасына жарыялады.

“Жалгыз жардам жетишсиз. Израил ачарчылык коркунучун алдын алуу үчүн толук гуманитардык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылышы керек”, – деп жазган Макрон.

Faced with an urgent humanitarian crisis, we just conducted a food airdrop over Gaza.

I thank our Jordanian, Emirati, and German partners for their support, as well as our armed forces for their dedication.

But airdrops are not enough.… pic.twitter.com/KpWFhOLmbi

— Emmanuel Macron (@EmmanuelMacron) August 1, 2025

Испания 24 парашют менен 12 тонна жардам таштады. Тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес бул жардам 11 миң кишиге жетерин билдирди.

Германия абадан 14 тонна азык-түлүк жана медициналык жардам ташталганын билдирди. Германиянын канцлери Фридрих Мерц Германия баштаган жардам жеткирүүлөр Газа тилкесинде тутанган гуманитардык кризистин масштабына салыштырмалуу “кичинекей” аракет экенин айтып, бирок аны “маанилүү сигнал” деп атады.

Гуманитардык аба көпүрөсүнө Италия дагы 9-августтан тарта кошулууга ниеттенип жатканын өлкөнүн тышкы иштер министри Антонио Таяни билдирди.  Ал кошумчалагандай, Рим ошондой эле Газа тилкесиндеги балдарды дарылоо үчүн эвакуациялоону баштоону пландап жатат.

 Ачарчылыктын курмандыктары өсүүдө

Газа тилкесинде ачарчылыктан кеминде 175 адам, анын ичинде 93 бала каза болгонун анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлиги Telegram-каналында билдирди. Акыркы 24 сааттын ичинде эле ачарчылыктан жана начар тамактануудан анклавдын ооруканаларында алты жаңы өлүм катталды.

Ведомствонун акыркы маалыматына караганда, 2023-жылдын октябрынан бери Газадагы кагылышуулардын күчөшүнөн курман болгондордун жалпы саны 60 миң 430га жетип, 148 миңден ашуун адам жаракат алды.

2025-жылдын 2-мартынан бери Газа тилкесине эл аралык гуманитардык жардам кире элек. Израилдин чечими менен бардык көзөмөл-өткөрүү пункттары жабык бойдон калууда жана азык-түлүктөр Израиль-АКШ башкарган “Газа гуманитардык жардам фонду” аркылуу таратылууда.

Март айында Израил армиясы январда түзүлгөн ок атышпоо келишимин бузуп, Газа тилкесиндеги согушту кайра баштаган. Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу менен өткөн сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасында жаңжалдашкан тараптар жаңы келишимдин шарттары боюнча бир пикирге келе алышкан эмес.

Беш айдан кийин күйүүчү май кирди

Беш айдан бери биринчи жолу Газага күйүүчү май ташыган унаалар Египеттен Рафах көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу киргенин Египеттин Al Qahera News телеканалы билдирди.

“107 тонна күйүүчү майы бар эки жүк ташуучу унаа Газа тилкесине кирди”, — деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.

Күйүүчү май ташыган жүк ташуучу унааларды киргизүү Египеттин Кызыл Жарым Ай уюмунун көзөмөлүндө болгону белгиленген.

Газа бийлигинин эсептөөлөрү боюнча, тилкенин тургундарынын тамак-ашка, күйүүчү майга, негизги керектөөлөргө жана дары-дармекке болгон минималдуу муктаждыктарын канааттандыруу үчүн тилкеге күнүнө гуманитардык жардам жүктөлгөн 600гө жакын жүк ташуучу унаалар киргизилиши керек.

Гуманитардык уюмдар жана палестиналыктар анклавдагы абал оор бойдон калууда деп айтышууда.

23-июлда 100дөн ашык эл аралык гуманитардык уюмдар Газа тилкесинде массалык ачарчылык болушу мүмкүн экенин эскертип, гуманитардык жардам жеткирүүгө чакырышкан.

Газа тилкесине абадан ташталган жардам убактылуу гана жөлөк болушу мүмкүн. Толук кандуу жардам үчүн Израиль блокадасын жумшартып, күн сайын жүздөгөн гуманитардык жүк ташуучу унааларды киргизүүсү керек. Болбосо, ачарчылыктын жана адамдар арасындагы жоготуулардын масштабы өсө бериши мүмкүн.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Араб өлкөлөрүГазагумжардамЕвропа
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Израиль үчүн роботтор армиясы: Эрик Трамптын катышуусундагы компания Газа тилкесине робот жеткирүү маселесин талкуулаган

Израиль үчүн роботтор армиясы: Эрик Трамптын катышуусундагы компания Газа тилкесине робот жеткирүү маселесин талкуулаган

14.11.2026
БУУ коңгуроо кагууда: Газадагы балдар сууктан жана жугуштуу оорулардан массалык түрдө каза болушу мүмкүн

БУУ коңгуроо кагууда: Газадагы балдар сууктан жана жугуштуу оорулардан массалык түрдө каза болушу мүмкүн

13.11.2026
Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

29.10.2026
Европага «кара күн» жакындап келүүдө: Италиянын дүкөндөрүндө текчелер бошоп, Улуу Британияда азык-түлүк камдоого чакырык жасалды

Европага «кара күн» жакындап келүүдө: Италиянын дүкөндөрүндө текчелер бошоп, Улуу Британияда азык-түлүк камдоого чакырык жасалды

29.10.2026
Иран парламентинин депутаты Израиль басып алган аймактар бир саатка жетпеген убакытта жашоого жараксыз болуп калышы мүмкүн экенин эскертти

Иран парламентинин депутаты Израиль басып алган аймактар бир саатка жетпеген убакытта жашоого жараксыз болуп калышы мүмкүн экенин эскертти

27.10.2026
Азия менен Европанын ортосундагы газ үчүн күрөш бааларды үч эсеге көтөрдү

Азия менен Европанын ортосундагы газ үчүн күрөш бааларды үч эсеге көтөрдү

23.10.2026
Француздар эмнеге нааразы? Европадагы башаламандыктарга мигранттар күнөөлүүбү?

Француздар эмнеге нааразы? Европадагы башаламандыктарга мигранттар күнөөлүүбү?

21.10.2026
Кремль: Европадагы нааразылык акциялары «башаламандыкка айланып кетүү чегине жетти»

Кремль: Европадагы нааразылык акциялары «башаламандыкка айланып кетүү чегине жетти»

20.10.2026
Франциядан Италияга чейин: Европаны нааразылык толкуну каптады. Видео

Франциядан Италияга чейин: Европаны нааразылык толкуну каптады. Видео

19.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.