Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын 4-5-август күндөрү, деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясына катышуу үчүн иш сапар менен Түркмөнстандын Аваза туристтик аймагына иш сапар менен барат.
Бул тууралуу Министирлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы конференциянын пленардык жыйынында баяндама жасайт.
Мындан тышкары, Адылбек Касымалиевдин БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен эки тараптуу жолугушуулары пландалууда.
Ошондой эле ал Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна арналган жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышат.
Белгилей кетсек, деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясынын ачылыш аземи жана Пленардык ачылышы Түркмөнстандын Аваз туристтик аймагында ушул жылдын 5-8-август күндөрү өтөт.



















