Россиянын ири авиакомпаниясы «Аэрофлот» 6-августтан тартып Москвадан Тегеранга учууларды калыбына келтирет. Бул тууралуу 31-июлда компаниянын басма сөз кызматы билдирген.
«Каттамдар 6-августтан тартып жумасына бир жолу — ар шаршемби күнү жүргүзүлөт, ал эми 12-сентябрдан баштап жумасына эки жолу — шаршемби жана жума күндөрү аткарыла баштайт», — деп маалымдады «Аэрофлоттун» Telegram-каналы.
Каттамдар Airbus A321 үлгүсүндөгү учактар менен аткарылат.
Эске сала кетсек, июн айынын аягында Иран өз аба мейкиндигин толугу менен жапкан, бул чечим Израилдин аймактагы агрессиясына жооп катары кабыл алынган. Ушундан улам, россиялык авиакомпаниялар да Тегеранга учууларды убактылуу токтоткон болчу.
Бирок, 3-июлда Иран аба мейкиндигин кайра ачып, көпчүлүк аэропорттордун ишин жанданткан.

















