Түштүк Кореяда уланып жаткан катуу ысык аба ырайынын айынан курман болгон адамдардын саны 13кө жетти. Бул тууралуу Yonhap агенттиги Кореянын Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө агенттигине (KDCA) шилтеме берип кабарлады.
Май айынан бери Түштүк Кореяда 2 768 адам күн ысыгынан келип чыккан жылуулук соккусу жана башка оор симптомдор менен тез жардам бөлүмдөрүнө кайрылган. Былтыркы ушул эле мезгил менен салыштырганда, бейтаптардын саны 2,6 эсе, ал эми каза болгондордун саны үч эседен ашык көбөйгөн.
Бийлик өкүлдөрү эскертишүүдө: алдыда дагы ысык аба ырайы күтүлүүдө. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында ысыкка байланыштуу расмий эскертүүлөр жарыяланган.

















