Камчаткадагы жер титирөөдөн кийин цунами коркунучунан улам Японияда 356 миңден ашуун киши эвакуацияланды.
Бул тууралуу NHK телеканалы жергиликтүү администрациялардын маалыматына таянып билдирди.
“Буйрук алты префектуранын калкына таасирин тийгизди. Көпчүлүк жерлерде эвакуациялоо пункттары түзүлдү. Аларды уюштурууга мүмкүн болбогон жерде адамдарды бийик жерге көчүүгө чакырышат”, – деп айтылат маалыматта.
Маалыматка караганда, дагы көпчүлүк аймактарда бийиктиги үч метрге жеткен цунами болору күтүлүүдө. Айрым жээктерде толкундардын бийиктиги 50 сантиметрге жеткен.
Япониянын премьер-министри Сигэру Исибанын кеңсесинде кризистик штаб түзүлдү.
Толкундун бийиктиги 3 метрге жетиши күтүлүүдө
30-июлда Камчаткадагы 8,7 баллдык жер титирөөдөн кийин АКШнын Тынч океандын жээктеринде жана Япониянын чыгыш аймактарында цунами коркунучу жарыяланды.
Жер титирөөдөн кийин үч цунами толкуну Курил аралынын Парамушир жээгин басып калды. Жалпы 356 миңден ашуун калк кооптуу аймактан эвакуацияланды.
Япониянын метеорологиялык агенттигинин маалыматы боюнча, толкундун бийиктиги 3 метрге жетип, Япониянын жээк сызыгына жетиши күтүлүүдө.
Буга чейин АКШнын Океан жана атмосфера боюнча улуттук башкармалыгы (NOAA) Аляска жана Гавай аралдары үчүн цунами коркунучу тууралуу эскертүү берди. NOAAнын алдын ала берген маалыматы боюнча да Камчаткадагы жер титирөөнүн күчү 8,7 баллды көрсөткөн.
Ал эми Россиянын Илимдер академиясынын геофизикалык кызматынын Камчаткадагы бөлүмү жер титирөөнү Петропавловск-Камчатскийден 150 чакырым алыстыкта каттаган. Россиялык сейсмологдордун айтымында, күчү 7,1 баллды көрсөткөн. Алар цунами коркунучу тууралуу эскертүү берди.
Аймактын губернатору Владимир Солодов сейсмикалык окуяны акыркы жылдардагы “эң күчтүү жер титирөө” деп атады. Анын айтымында, күчү 7,7ден 7,9га чейин. Аймактагы бала бакчалардын биринин дубалы урап түшкөн.
Сахалин облусунун Северо-Курильск шаарында күчү 7,9 баллга жеткен жер титирөө катталганын облустун губернатору Валерий Лимаренко билдирди. Анын билдиргенине караганда, тургундар эвакуацияланууда.
Камчаткадагы жер титирөөдөн 5 адам жабыркаган
Камчаткада болгон жер титирөөнүн кесепетинен төрт адам, анын ичинде бир бала жабыркаган.
Бул тууралуу 112 телеграм каналы билдирди.
“Камчаткадагы жер титирөөдө төрт адам жабыркады. Жабыркагандардын арасында бир бала бар”, — деп айтылат 112 билдирүүсүндө.
Облустук саламаттыкты сактоо министри Олег Мельниковдун айтымында, бардык жабыркагандардын абалы канааттандырарлык. Ооруканага эки бейтап жеткирилген, бирок алардын абалы кооптондурарлык эмес. Аларга жеңил жаракаттар бар деген диагноз коюлган. Зилзаланын кесепетинен шаарда электр энергиясы жана уюлдук байланыш үзгүлтүккө учураган. Бийлик калкты этият болууга жана жээкке жакындабоого чакырууда.
Учурда Сахалин облусунда медициналык жардам сурап кайрылган учурлар каттала элек.





















