Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган француз кесиптеши Эммануэль Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Франциянын Палестинаны көз карандысыз мамлекет катары таануу чечимин кубаттады.
Бул тууралуу түрк лидеринин кеңсесинин билдирүүсүнө таянып ТАСС агенттиги жазды.
“Президент Эрдоган Франциянын президенти Макронду Палестинаны мамлекет катары таануу чечими менен куттуктады”, – деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары Туркия менен Франциянын перзиденттери бул сүйлөшүүлөрүндө Газа тилкесиндеги жана аймактагы кырдаалды дагы талкуулашкан.
“Президент Эрдоган Газадагы гуманитардык кырдаал курчуп кеткенин жана эл аралык коомчулук маселени чечүү үчүн тез арада чара көрүшү керектигин айтты. Ал Израил менен Палестинанын ортосундагы жаңжалга чекит коюлушу керектигин жана эки мамлекеттин чечиминин негизинде аймакта туруктуу тынчтык орношу мүмкүн экенин белгиледи”, – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 24-июлда Макрон сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында Франция Палестинанын мамлекеттүүлүгүн расмий тааный турганын билдирген.
Анын пикиринде, азыр эң негизгиси Газадагы согушту токтоосуз токтотуп, карапайым калкка жардам көрсөтүү керек.
Ал эми буга жооп катары АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтон Макрондун Палестина мамлекетин таануу демилгесин четке кагып жатканын жана бул ойлонулбаган чечим ХАМАСтын пропагандасына гана кызмат кыларын баса белгиледи.



















