Ирандын өзөктүк программасы боюнча кризисти жөнгө салуу тууралуу «евроүчтүк» өлкөлөрү — Улуу Британия, Германия жана Франция — Тегеранга санкциялар боюнча мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө даяр.
Мындай мүмкүнчүлүк Иран АКШ жана Эл аралык атом энергетикасы агенттиги (МАГАТЭ) менен диалогду калыбына келтирүүгө макул болгондо гана мүмкүн болот. Бул тууралуу The Financial Times (FT) басылмасы булактарына таянып жазды.
Маалыматтарга ылайык, сөз бир нече айлык мөөнөт жөнүндө болууда. Бул мөөнөттүн узартылышы БУУнун Коопсуздук кеңеши тиешелүү резолюция кабыл алганда гана ишке ашмакчы. Санкциялык жеңилдиктердин шарты катары АКШ менен сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо жана МАГАТЭ инспекторлору менен кызматташуу каралууда. Башка деталдар айтылган жок.
21-июлда Иран Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Эсмаил Ибрахими билдиргендей, Тегерандын өзөктүк программасы боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салуу максатында «евроүчтүк» өлкөлөрү менен жаңы сүйлөшүүлөрдүн раунду 25-июлда Стамбул шаарында ТИМдин орун басарлары деңгээлинде өтөт.
Быйыл Иран менен АКШнын ортосунда өткөн өзөктүк маселе боюнча беш жолку сүйлөшүү эч кандай көрүнүктүү жыйынтык бербеген. Бул дипломатиялык процесске олуттуу терс таасир эткен окуялар — Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы жана андан соң АКШнын Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу үч негизги объектисине сокку уруусу болгон. Ошол эле учурда Иран менен «евроүчтүк» өлкөлөрүнүн өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү улантууда.

















