Иран МАГАТЭнин техникалык делегациясын кабыл алууга макул болду, алар өлкөгө “эки-үч” жуманын ичинде келет.
Бул тууралуу Нью-Йоркто БУУнун иш-чараларына катышып жатикан Ислам республикасынын тышкы иштер министринин эл аралык иштер боюнча орун басары Казем Гариб-Абади журналисттерге билдиргенин ISNA агенттиги жазды.
“Биз МАГАТЭнин техникалык делегациясын кабыл алууга макул болдук, алар жакын арада, эки-үч жумадан кийин Иранга келет”, – деди ирандык аткаминер журналисттер үчүн брифинг учурунда.
Анын айтымында, сапардын максаты МАГАТЭ менен Ирандын ортосундагы мамилелердин “модалдуулугун” талкуулоо болот.
Ал делегация Ислам Республикасынын өзөктүк объектилерине барбай турганын кошумчалады.
Ошол эле учурда Гариб-Абади Израил менен АКШнын чабуулдары маалында талкаланган делген Ирандын өзөктүк объектилерин МАГАТЭнин текшерүүсүн талап кылып жаткандардын чыныгы максатынан күмөн санады.
“Алар (өзөктүк объектилер – ред.) толугу менен талкаланды деп айтып жатышат. Эмне үчүн алар ал жакка инспекторлорду жөнөтүүнү талап кылып жатканы мен үчүн чоң суроо. Эгер бул объектилер талкаланган болсо, анда кооптонууга негиз жок. Ошондой эле алар чабуулдар канчалык натыйжалуу болгондугу тууралуу маалымат издебесе, ал жакка баруу өтүнүчтөрү болбошу керек”, – деп кошумчалады ТИМ жетекчисинин орун басары.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги июнь айынын аягында Тегерандын МАГАТЭнин директору Рафаэль Гроссини кабыл алууга негиз жок деп билдирген.
Гроссинин айтымында, агенттик Израил менен Ирандын ортосундагы жаңжал күчөгөндөн кийин Ирандын байытылган уранына байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жоготкон. Ал белгилегендей, Иран аскердик аракеттер учурунда да МАГАТЭнин адистерине өзөктүк материалдардын жайгашкан жери боюнча толук маалымат берүүгө милдеттүү.
25-июнда Иран парламенти Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен кызматташууну токтотуу боюнча мыйзам долбоорун жактырган. Мыйзам долбоорунда агенттиктин инспекторлору Ирандын өзөктүк объектилерин биринчи кезекте алардын коопсуздугуна кепилдик бербей туруп текшере албайт деп жазылган.
28-июнда Иран парламентинин төрага орун басары Хамид-Реза Хажи Бабаи Тегеран мындан ары Гроссинин атомдук энергетикалык объектилерине кирүүгө мүмкүнчүлүк бербей турганын жана ал жерге видеокамераларды орнотууга уруксат бербей турганын билдирди.
Ирандын Атомдук энергия уюму Израилдин Ирандын өзөктүк объектилерине жасаган соккусунан кийин МАГАТЭге мындан ары ишенүүгө болбой турганын билдирген.
Эске салсак, 13-июнда Израиль Иран өзөктүк курал жасоого аз калды деген шылтоо менен Ислам республикасынын өзөктүк жана аскерий объектилерин, аскер адамдарын жана илимпоздорун бутага алып, Иранга каршы чабуулун баштаган.
Иран ул чабуулдарга дароо жооп катары Израилге ракета менен сокку урган. Аскердик аракеттер 12 күнгө созулуп, анын жүрүшүндө 22-июнда АКШ Ирандын үч өзөктүк объектисине: Фордоу, Натанз жана Исфаханга бомба таштаган. Иран ага жооп катары Ирактагы америкалык базага сокку урган.

















