Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан АКШ жана алардын өнөктөштөрү, айрыкча Израил режими тарабынан Ирандын өзөктүк энергетикалык программасын токтотууга багытталган аракеттерди жана шыкактоолорду катуу сынга алды.
Аткаруу бийлигинин башчысы бул билдирүүнү шейшемби күнү Катардагы «Аль-Жазира» телеканалына берген маегинде айтып, Иранда уранды байытуу иштери эл аралык мыйзамдардын чегинде мындан ары да улантыла турганын билдирди, деп кабарлайт Press TV.
Пезешкианндын билдирүүсү Вашингтон менен Тель-Авивдин өзөктүк программага каршы «аскердик максаттарга ооп кетти» деген жүйө менен жүргүзүп жаткан кампаниясына жооп катары айтылды. Бул кампаниянын алкагында аталган эки өлкө эл аралык коомчулукка кысым көрсөтүп, Ирандын өзөктүк программасын жаман көрсөтүүгө аракет кылып келген. Мындан тышкары, Ирандын өзөктүк объекттерине бир нече жолу аскердик чабуулдар да жасалган.
АКШнын президенти Дональд Трамптын «Ирандын өзөктүк программасына сокку урулду» деген билдирүүлөрүнө жооп берип, Пезешкиан:
«Биздин өзөктүк программа токтотулду деген — бул иллюзия», — деп айтты.
«Биздин өзөктүк потенциал — бул объекттерде эмес, биздин окумуштууларыбыздын акылында», — деп кошумчалады ал.
«Биз өзөктүк куралга ээ болуу идеясын такыр четке кагабыз. Бул биздин саясий, диний, адамдык жана стратегиялык позициябыз», — деп билдирди Ирандын президенти.
Ошондой эле, Пезешкиан Иран тынчтык максатында уранды байытууга болгон укугун сактап калуу шартында сүйлөшүүлөргө даяр экенин белгилеп:
«Кандай болбосун келечектеги сүйлөшүүлөр өз ара пайдалуу негизде жүргүзүлүшү керек», — деп билдирди.
Мамлекет башчы сөзүнүн башка бөлүгүндө Израил режими тарабынан Ирандын өзөктүк программасына каршы ар кандай жаңы агрессиялар болсо, Ислам Республикасы ага тиешелүү жооп кайтарарын баса белгиледи.
Өткөн айда Иран Куралдуу күчтөрү Израилдин себепсиз баштаган согушуна жооп кылып, жүздөгөн баллистикалык ракеталар менен дрондорду учурган. Натыйжада Израил режими 12 күндөн кийин ок атышууну токтотууну суранган.
«Биз Израил тараптан болчу кандай болбосун аскердик аракеттерге толук даярбыз. Аскердик күчтөрүбүз оккупацияланган аймактардын тереңине чейин сокку урууга кайрадан даяр», — деп билдирди Пезешкиан.
Ошондой эле ал, Израил режими ирандык чабуулдардын кесепетин жашырууга аракет кылып жатканын белгиледи. «Ок атышууну 12 күндүн ичинде токтотууну суранышы — Ирандын жооп чаралары канчалык натыйжалуу болгонун ачык көрсөтөт», — деп кошумчалады ал.

















