Саутенд аэропортунда чакан учак кырсыкка учурады. The Telegraph жана The Independent басылмаларынын маалыматына ылайык, сөз Beechcraft King Air B200 үлгүсүндөгү көп максаттуу учак жөнүндө болууда. Окуя болгон жерге тез жардам жана өрт өчүрүүчүлөр келишти, бирок жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча жок.
Кырсык Англиянын түштүк-чыгышындагы Саутенд аэропортунда (Эссекс графствосу) учак учуп жатканда болгон. Алгачкы маалыматтар боюнча, Beechcraft King Air B200 учагы Нидерланддагы Лелистад шаарына багыт алган болчу.
Эссекс полициясы бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
“Бизге 12 метрлик учактын катышуусундагы окуя тууралуу кабар берилди. Азыр бардык өзгөчө кырдаал кызматтары менен биргеликте жеринде иш алып барып жатабыз, бул иштер бир нече саатка созулушу мүмкүн. Жарандарды бул аймактан мүмкүн болушунча оолак болууга чакырабыз”.
Beechcraft King Air B200 — бул Beech Aircraft Corporation тарабынан иштелип чыккан чакан көп максаттуу учак, дүйнө жүзүндө кеңири колдонулган бизнес-класстагы учактардын бири катары белгилүү. Анын жүк көтөрүмдүүлүгү 7–9 жүргүнчү.
Коопсуздук максатында полиция кырсыкка жакын жайгашкан Rochford Hundred гольф клубу менен Westcliff регби клубун эвакуациялады.
“Жаңы маалыматтар мүмкүн болушунча тезирээк жарыяланат”, — деп билдиришти полициядан.
Daily Mail басылмасы учакта канча адам болгону азырынча белгисиз экенин, бирок тез жардам жана өрт өчүрүүчү унаалар окуя болгон жерге жеткенин кабарлайт. Flightradar маалымат кызматына таянган басылма Лелистадка багытталган рейс жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:45те учаары пландалганын, бирок 10 мүнөт кечигүү менен учканы айтылат. Daily Mail кошумчалагандай, учак учуп чыгуу тилкесинен чыгып кеткен болушу мүмкүн.
Саутенд аэропорту Лондондун борборунан болжол менен 58 км алыстыкта жайгашкан. The Independent жазгандай, аэропортту британиялык арзан авиакомпания EasyJet колдонуп келет.


















