6-июлда Нарындын Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагына караштуу Дүңгүрөмө айылындагы “Как” тилкесинде “Минерал Прайм” ишканасынын көмүр казып чыгаруу карьеринде жер көчкү түштү.
Жер көчкүнүн көлөмү — болжолдуу 1 млн куб.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, көчкүнүн көлөмү болжол менен 1 млн метр куб болгон. Эч ким жабыркаган жок жана техникага зыян келтирилген эмес.
Бирок, аталган карьерде коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан көмүр кенин казуу ӨКМ тарабынан убактылуу токтотулду.
Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги иштеп жатат. Жер көчкү коркунучу сакталып турганына байланыштуу көмүр казуу убактылуу токтотулду.
Эскерте кетсек, аталган аймактагы жер көчкүнүн жүрүшү тууралуу видео маалымат социалдык тармактарда тарап, элдин тынчсыздануусун жараткандыктан ар кандацй пикирлер айтылып жатат.
Аталган райондо Кара-Кечеден башка дагы бир нече көмүр кендери бар. Аларды мамлекеттик жана менчик ишканалар иштетишет.



















