Учурда калкты арзан отун менен камсыз кылуу багытында “Кыргызкөмүр” МИ тарабынан алгылыктуу иштер аткарылууда. Бул тууралуу энергетика министрлигинин 9 айда аткарган ишинин жыйынтыгы чыгарылган коллегияда айтылды.
Андагы маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жалпысынан ишканага 3 атайын техника сатылып алынган. Ал эми Кара-Кечеге 1 (4 даанасы менен комплект) электрондук шлагбаум орнотулган. Видео көзөмөлдөрдү орнотуу иштери жүргүзүлүп, Кара-Кечеде 20 жана Балыкчыга 7 видео камера орнотулду. Учурда көмүрдүн тоннасына Экономика министрлигинин алдындагы “Монополияны жөнгө салуу” кызматы аныктап берген баа коюлуп, Бишкекте ар бир тонна 4 700 сомдон, ал эми 5000 сомдук көмүр түштүк аймактардагы отун базаларында сатылып жатат.
Отун базалары Бишкекте 7 жерге, түштүк аймакта 10 жерде ачылды. Август айынан бери ЖЭБге, бюджеттик мекемелерге жана калкка 285 миң тонна жеткирилди.
Кара-Кечеде 9 айдын ичинде жалпысынан 662 миң тонна көмүр өндүрүлүп, Бишкек ЖЭБке август айынан бери 44 миң 600 тонна көмүр киргизилди.
















