Кыргызстанда жыл сайын жаз алды менен жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашаган жарандарга үй-жайын көчүрүү керектиги сунушталып келет. Анын алкагында Ош жана Жалал-Абад облустарындагы жер көчкү түшүүсү мүмкүн делген аймактардагы элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
“Ар бир жаран өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн камкордук көрүүсү зарыл. Андыктан бул ишке кайдыгер карап олтурууга болбойт”,-деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда жер көчкүлөрдүн 93%ы өлкөнүн түштүк облустарына тиешелүү. Бул аймакта 5000дөй участокто жер көчкү коркунучу болчо, анын 1186сы эл жашаган аймакка, жолго, көпүрөлөргө, электр линиясына жакын жайгашып, коркунуч жаратып келет. Мисалы: Ош облусунда 2406, Жалал-Абадда 1367, Баткенде 90 түтүн кооптуу аймактарда жашоосун улантышууда.
Ошентип өлкөдө жалпысынан 4 миңдей үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт. Аларга бул аймактан көчүп кетүү зарылдыгы эскертилген. Расмий маалыматтарга ылайык, андай кооптуу делген аймакта жашаган 2400 үй-бүлө башка жактарга көчүш үчүн мамлекеттен 200 миң сомдон ссуда алган, анын 50 миңи кайтарымсыз каражат болгон. Бирок алар дагы эле кооптуу аймактарда жашап жатышат. Кийин мүлктү камсыздандыруу боюнча мыйзам чыккандан кийин, мындай ссуда берүү токтотулган.
Кыргызстанда адам өлүмү менен коштолгон бир нече жер көчкү түшкөн. Алардын эң ириси 2003-жылы Өзгөндө жүз берген. Анда жер көчкү бир айылды басып калып, 40 адам каза болгон. Ал эми 2009-жылы Аксыдагы жер көчкүдө Райкомол айылынын 16 тургуну мерт болгон, анын 11и жаш балдар болчу.
Андан сырткары, 2017-жылы да жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, 24 киши анын алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринде сегиз кишинин сөөгү табылган. Кырсыктын кесепетинен айыл аймактагы 479 үй-бүлөгө аймактан көчүү боюнча ӨКМ корутунду чыгарып берген. Анын ичинен 353 кожолукка там салыш үчүн башка аймактан жер тилкеси да берилген.



















