Ошондой эле БРИКС мамлекеттеринин лидерлери Иранга жасалган соккуларды айыпташты
БРИКСке мүчө мамлекеттердин лидерлери Израиль аскерлерин Газадан жана бардык басып алынган палестин аймактарынан толук чыгарып кетүүгө, ошондой эле Газада туруктуу жана сөзсүз түрдө ок атышууну токтотууга чакырышты. Бул тууралуу Бразилияда өткөн саммиттин жыйынтык декларациясында айтылат.
Документте БРИКС мүчөлөрү Газаны Палестина мамлекетинин ажырагыс бөлүгү катары көрөрүн белгилешип, анын эгемендүүлүккө ээ болушу керек экенин баса белгилешти.
Лидерлер палестин анклавына гуманитардык жардам жеткирүүнүн зарылдыгын белгилеп, израилдик туткундарды жана палестиналык камактагыларды бошотууну тездетүү керектигин да айтышты.
Мындан тышкары, декларацияда Газа тилкеси менен Иордан дарыясынын Батыш жээгин Палестина мамлекеттик администрациясы башкаруусу керектиги белгиленди. БРИКС лидерлери Сириянын эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын дагы бир жолу ырасташты.
Ошондой эле лидерлер Иранга жасалган соккуларды кескин айыпташты.
БРИКС — Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка тарабынан негизделген, дүйнөлүк экономикада маанилүү орунду ээлеген уюм.

















