Илон Маск: «Америка» жаңы партиясынын башкы максаты — Конгресске өтүү болот
АКШнын президенти Дональд Трамп сунуштаган «кооз жана чоң мыйзам долбоору» кабыл алынгандан кийин түзүлүшү мүмкүн болгон «Америка» аттуу партиянын негизги максаты — элдин эркин камсыз кылуу үчүн Конгресске өтүп, ал жакта бир нече орунду ээлөө болот. Бул тууралуу америкалык ишкер Илон Маск өзүнүн X социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.
Маск 4-июлда белгилене турган АКШнын Эгемендүүлүк күнү алдында сурамжылоо баштады. Ал колдонуучулардан: «Сиздер эки партиялуу (айрымдар айтмакчы, бир партиялуу) системадан көз карандысыздыкты каалайсыздарбы?» — деп сурап, өлкөдө «Америка» деген жаңы партия түзүү керекпи деген сунуш менен кайрылды.
Москва убактысы боюнча 18:34кө карата сурамжылоого 303,8 миң адам катышты. Алардын 62% жаңы партия түзүүнү колдосо, 38% каршы добуш беришти.
Маск бул чечимди ишке ашыруунун бир жолу катары сенатта 2–3 орунга жана өкүлдөр палатасында 8–10 округга басым жасоону атады.
«Мыйзам чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин эске алганда, бул талаштуу мыйзамдар боюнча чечүүчү добуш болуп, алар чындап эле элдин эркин чагылдыргандай болмоюнча кабыл алынбайт», — деп жазды Маск.
Маск «кооз» мыйзам долбооруна кандай жооп кайтаарын ачыктады
Илон Маск — дүйнөдөгү эң бай адам (Forbes анын байлыгын 405,2 миллиард доллар деп баалайт) жана учурдагы президент Дональд Трамптын шайлоо кампаниясынын негизги демөөрчүлөрүнүн бири болгон. Жайдын башында Маск Трамп менен анын «Чоң жана кооз мыйзам долбоору» (Big Beautiful Bill, BBB) боюнча кайчы пикирден улам урушуп кеткен.
3-июлда АКШ Конгресси бул мыйзам долбоорун акыркы редакциясында кабыл алды. Сенат аны бир гана добуш артыкчылыгы менен — 51ге каршы 50 добуш менен жактырды. Чечүүчү добушту АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс берди. Ал Сенат төрагасы катары тең добуш чыккан учурда чечүүчү добушка ээ.
Маск бул мыйзам долбоору АКШга «чоң стратегиялык зыян» алып келет деп эсептейт. Документ кабыл алынгандан кийин эртеси күнү эле «Америка» партиясын түзөрүн эскерткен.
АКШда негизги эки партия бар — Демократиялык жана Республикалык. Ошондой эле ар түрдүү ондогон партиялар бар, бирок алардын көбү штат деңгээлинде гана иш алып барышат. Үчүнчү партиядан чыккан бир да талапкер 1856-жылдан бери президенттик шайлоодо жеңишке жеткен эмес. Андан бери үчүнчү партиялардын талапкерлери болгону беш жолу бир штатта жеңишке жетишкен.
Демократтар менен республикачылар учурда Конгресстеги бардык орундарды бөлүшүп алышкан.
«Чоң жана кооз мыйзам долбоору» эми Трамптын кол коюусун күтүп жатат. Маск бул документти анын «акылга сыйбаган чыгымдары» үчүн сындаган: анын айтымында, бул мыйзам АКШдагы миллиондогон жумуш орундарын жоготот жана өлкөнү «карыз кулчулугуна» алып барат. Маск бул мыйзам «мурдагы тармактарга бата берип, келечектеги тармактарга чоң зыян келтирет» деп эсептейт.



















