Бакуда «Sputnik» маалымат агенттигинин азербайжан бөлүмүнүн өлкөнүн жарандыгы бар беш кызматкери эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулуп, 1-июлда камакка алынган аткаруучу директор Игорь Картавих менен башкы редактор Евгений Белоусов камакта 4 айга калтырылды.
Аларга алдамчылык, мыйзамсыз ишкердик жана кылмыш жолу менен алынган мүлктү мыйзамдаштыруу беренелери боюнча кылмыш ишин козголгон.
Бул тууралуу Россиянын РБК басылмасы жазды.
3-июлда Россиянын консулу агенттиктин камакта калтырылган журналисттери Картавих жана Белоусов менен жолугушкан. Алар жолугушуу учурунда дары-дармек жана тамак-аш менен камсыз болушканын жана өздөрүн жакшы сезишкенин айтышкан деп белгилейт басылма.
Буга чейин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Бакудагы дипломаттар Россиянын жараны болгон журналисттер менен байланыша албай жатканына тынчсыздануусун билдирген.
Ал эми “Бакунун достукка жатпаган аракеттеринен жана россиялык журналисттердин мыйзамсыз кармалышынан” улам Азербайжандын элчиси Рахман Мустафаев Россиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылды.
Кошумчалай кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууга Екатеринбургда 2001, 2010 жана 2011-жылдары болгон адам өлтүрүү жана өлтүрүүгө аракет жасоо фактыларына байланыштуу орус күч органдарынын иликтөө иштери түркү болду.
Анда азербайжан улутундагы сегиз адам камакка алынып, дагы экөө кармоо учурунда каза болгон. Алар бир туугандар болушкан.

















