Ю. Ушаков: Путин менен Трамптын сүйлөшүүсү ачык, ишкер жана так мүнөздө өттү.
3-июлда, бейшемби күнү, Россиянын жана АКШнын президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамп жыл башынан бери алтынчы жолу дээрлик бир саатка созулган телефон сүйлөшүүсүн өткөрүштү. Лидерлер Украинадагы кырдаалды талкуулашты. Путин Россия коюлган максаттарга жетүүгө умтуларын жана алардан баш тартпай турганын айтты. Ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана эки тараптуу кызматташтык маселелери көтөрүлдү.
Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков эки лидердин сүйлөшүүсү «бир толкунда» өткөнүн ырастады.
Анын айтымында, сүйлөшүүнүн башында Трамп АКШ Конгрессинде администрациянын салыктарды, миграцияны жана энергетиканы реформалоо боюнча флагмандык мыйзам долбоору ийгиликтүү кабыл алынганын билдирди. «Ал муну “чоң жана кооз мыйзам” деп атап жатат», – деди Ушаков.
Владимир Путин Трампты АКШнын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, пландалган реформаларды ишке ашырууда ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Россия 250 жыл мурдагы көз карандысыздык үчүн согуш жана 160 жыл мурдагы жарандык согуш учурунда АКШнын мамлекет катары калыптанышында маанилүү роль ойногонун белгиледи.
Путин ошондой эле сүйлөшүүдөн мурда россиялык ишкерлер менен жолукканын жана алар АКШ менен салттуу баалуулуктарды даңазалаган фильмдерди алмашуу демилгесин көтөрүшкөнүн айтты. Бул идея Трампка жакканын Ушаков билдирди.
Лидерлер Иран жана жалпы Жакынкы Чыгыш боюнча кырдаалды кеңири талкуулашты. Россия тарап бардык талаштуу маселелерди жана кагылышууларды саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Тышкы иштер министрликтери, коргоо министрликтери жана президенттердин жардамчылары бул маселелер боюнча байланышты улантат.
Украина маселеси да талкууланды. Трамп куралдуу кагылышууну токтотуу маселесин көтөрдү. Путин Россия жаңжалды саясий жол менен чечүүгө аракет кылып жатканын жана Стамбулда жетишилген гуманитардык макулдашуулардын аткарылышы тууралуу маалымдады. Ал ошондой эле Россия кийинки сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди.
Ушаковдун айтымында, “Россия өз максаттарына жетүүгө умтулат – бул азыркы кырдаалга алып келген белгилүү себептерди жоюу. Бул максаттардан баш тартуу болбойт”.
Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрү эки тараптуу мүнөздө жүрөт. Үчүнчү раунддун мазмуну конкреттүү түрдө талкууланган жок, бирок Россия ага даяр экенин Путин билдирди.
Лидерлер энергетика жана космосту изилдөө жаатындагы келечектүү, өз ара пайдалуу долбоорлор боюнча пикир алмашышты.
«Жалпысынан президенттердин сүйлөшүүсү ар дайымкыдай эле ачык, ишкер жана так болду», – деп жыйынтыктады Ушаков. Ал ошондой эле, лидерлердин байланыштары уланарын белгилеп, зарыл болсо сүйлөшүү дароо уюштуруларын кошумчалады.
Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Ушаков бетме-бет жолугушуу боюнча сөз болбогонун, бирок бул идея абада “илүүдө турганын” жана керек болсо макулдашуу жетишилерин айтты.


















