Newsweek: Калифорниялыктардын 44%ы штаттын АКШдан бөлүнүшүн каалашат.
Тарыхта биринчи жолу Калифорния штатынын жашоочуларынын эң жогорку үлүшү — 44%ы АКШдан бөлүнүүнү каалап жатышат. Бул тууралуу Newsweek журналы Калифорниянын көз карандысыздыгы институтунун (ICI) директору Койот Маринге шилтеме берип кабарлады.
ICIнин сайтындагы маалыматка ылайык, YouGov компаниясы 11-июндан 23-июнга чейин 500 калифорниялыктын катышуусунда сурамжылоо жүргүзгөн. Сурамжылоонун так эместиги 5,7 пайыздык пунктту түзөт. Респонденттердин дээрлик жарымы — 44%ы Калифорниянын “АКШдан тынч жана мыйзамдуу бөлүнүү ниетин билдирүүсүнө” макул экенин билдиришкен.
ICIнин директору Койот Марин: «Бул сурамжылоолор тарыхында бөлүнүүгө болгон эң жогорку колдоо», — деп айтканын Newsweek басылмасы жазды.
Институттун төрага орун басары Тимоти Воллмер: «Калифорниялыктар өзүн өзү башкарууга даяр», — деп кошумчалады.
Макалада айтылгандай, буга чейинки бөлүнүүнү каалагандардын эң жогорку көрсөткүчү 2021-жылдын июнунда катталган, анда ал 42% болгон.
Мындан тышкары, YouGov жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык:
50% респонденттер Калифорниянын өкмөтүнө федералдык бийликке караганда көбүрөөк ишенет;
Ал эми 28% респонденттер эки өкмөткө тең ишенет;
ICIнин маалыматына караганда, 2025-жылдын январында 47% эки бийликке тең ишенсе, Калифорниянын өкмөтүнө көбүрөөк ишенгендер болгону 34% эле болчу.
7-июнда Лос-Анджелестин борборунда АКШнын иммиграция жана бажы кызматы (ICE) массалык рейд жүргүзүп, көп сандагы мыйзамсыз мигранттар аныкталган.
8-июнда АКШ президентинин администрациясы шаарга улуттук гвардияны киргизгенин жарыялаган. Бирок Лос-Анжелес округунун бийлиги бул чечим жергиликтүү бийликтин макулдугусуз кабыл алынганын билдирип, улуттук гвардияны чакырган эмес экенин белгилешкен.
Ушуга байланыштуу Гэвин Ньюсом АКШнын президенти Дональд Трампка, Пентагондун өзүнө жана коргоо министри Пит Хегсетке каршы федералдык мыйзамды жана Конституцияны бузган деген негизде доо арыз менен кайрылган.



















