Сербияда массалык нааразылык акциялары экинчи күндөн бери уланууда. Бийликтегилер тополоңчулардын талаптарын аткаруу ниети жок экенин айтышууда.
ЖМКлар маалымдашкандай, ишемби күнү кечинде студенттер менен оппозиция тарапкерлеринин 25-июнда бийликке койгон ультиматумунун мөөнөтү аяктады. Студенттер жана оппозиция былтыр ноябрдан бери Нови-Сад шаарында 16 адамдын өмүрүн алган окуянын тергелишин жана өлкө жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылууда. Студенттердин массалык нааразылык акциялары ал трагедиядан бери үзгүлтүксүз өтүп келет. Нови-Сад шаарында бекеттин бетон бастырмасы кулап, 16 адам каза болгон. Нааразылыкка чыккандар буга коррупцияны жана бийликти күнөөлөп жатышат. Жекшембиде алар үчүнчү талапты – 28-июндан 29-июнга чейин кармалган акциянын бардык катышуучуларын бошотууну кошушту.
28-январда Сербиянын премьер-министри Милош Вучевич студенттердин нааразылык акцияларына жана өлкөдөгү ички саясий кырдаалдын курчушуна байланыштуу кызматтан кеткен.
Буга чейин өлкөнүн ички иштер министри Ивица Дачич жекшембиге караган түнү Белграддагы тополоңдо Ички иштер министрлигинин 48 кызматкери жарадар болуп, 77 адам кармалганын билдирген. Анын айтымында, медициналык тез жардамга 22 адам кайрылган, алардын экөө оор жаракат алган.
Ички иштер министрлиги ишемби күнү Белградда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылган нааразылык акциясына 36 миң катышуучу келгенин билдирди.
Белграддагы түнкү нааразылыктар
30‑июнга караган түнү акцинын катышуучулары Белградда жана башка шаарларда негизги транспорттук түйүндөрдү жаап, баррикадаларды жана чатырларды орнотушуп, Сава дарыясындагы негизги көпүрөнү тосуп алышты.
Демонстранттар “талаптар аткарылмайынча” жолдорду жана көчөлөрдү толук тосуу аракети башталганын билдиришти. Алардын талаптарына кармалган демонстранттарды дароо бошотуу жана кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү кирет.
Студенттик баш аламандыктын катышуучулары социалдык тармактарда Белградда 24 жерде жолдор тосулганын, өлкө боюнча 18 шаарда акциялар өтүп жатканын белгилешкен.

Ошол эле учурда Сербиянын Ички иштер министрлиги полиция кызматкерлери түн ичинде борбор калаанын жолдорундагы бардык тоскоолдуктарды толугу менен алып салышканын билдирди.
ИИМдин билдирүүсү боюнча, бир нече адам укук коргоо кызматкерлерине кол салган, кемсинтүү сөздөрүн айткан жана коомдук тартипти бузган деп кармалды. Полициянын бир унаасы демонстранттар тарабынан жабыркаган.
Бийликтин реакциясы
Ишемби күнкү тополоңдон кийин элге кайрылган өлкө президенти Александр Вучич жекшемби күнү кечинде демонстранттардын үстүнөн жеңиш болгонун жарыялады.
“Сербия жеңишке жетти, анткени Сербияны зомбулук менен жеңүү мүмкүн эмес”, – деди ал.
Президент акция учурунда кармалгандарды ырайым кылуу ниети жок экенин, себеби алар “жарандык кагылышууларга жана полицияга кол салууга чакырыктарды” жасаганын айтты.
Ал нааразылык акциялары жети айдын ичинде чет элдик инвестициянын 46% азайышына алып келгенин билдирди.
Вице-премьер жана ички иштер министри Ивица Дачич калкты полиция менен кагылышууга алып келчү жагдайларды түзбөөгө чакырды.
Серб парламентинин спикери Ана Брнабич окуяны жарандык согушка чакырык деп атады.




















