Казакстандагы Alash.KZ сайты каржы министрлигине шилтеме берүү менен маалымдагандай, өлкөнүн мамлекеттик жана мамлекет кепилдик берген жалпы карызы 33,8 трлн тенгеге жетти.
Карыздын негизги бөлүгү, тактап айтканда 30,5 трлн тенге — өкмөттүн карызы. Анын ичинен 22,5 трлн тенге ички рыноктон алынган, ал эми 8 трлн тенге — тышкы карыз.
Тышкы карыздын дээрлик жарымы еврооблигацияларга туура келет (4,2 трлн тенге). Мындан тышкары, Казакстандын Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы жана Россия рыногунда чыгарылган баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелери бар.
2025-жылдын биринчи чейрегинде карызды тейлөөгө жана төлөөгө кеткен чыгым 982 млрд тенгеге жетти. Бул өлкө бюджетинин айрым бөлүгүнүн кыскаруусуна таасир этүүдө.



















