Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров 28–29-июнь күндөрү Кыргызстанга расмий иш сапар менен келет.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, визит кыргыз тараптын чакыруусу менен уюштурулуп жатат. Анын алкагында Лавров менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин сүйлөшүүлөрү өтөт.
Иш-сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү пландалып, анда кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жана эл аралык күн тартибинин негизги аспектилери талкууланат.
Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Сергей Лавров президент Садыр Жапаровдун да кабыл алуусунда болорун РИА Новости жазган.
Захарова, тараптар аймактардагы эң актуалдуу маселелерди, евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн жолдору, эл аралык платформаларда макулдашылган кадамдарды активдештирүү, анын ичинде Кыргызстандын ЖККУга учурдагы төрагалыгы жана Бишкектин 2025-жылдын сентябрынан тарта ШКУга төрагалык кылуусунун контексти талкууга алынаарын билдирген.
«Борбордук Азиядагы аймактык коопсуздук маселесине олуттуу көңүл бурулат, анын ичинде эл аралык экстремисттик жана террористтик күчтөр тарабынан келтирилген кооптонууларга жана аймакты сырттан дестабилдештирүү аракеттерге каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүү сүйлөшүлөт», – деген ал.




















