Тажикстан 2025-жылдын 22-июнунда АКШ менен Израилдин аба күчтөрүнүн Иран Ислам Республикасынын өзөктүк объектилерине абадан сокку уруусун кескин айыптайт жана бүтүндөй аймак менен дүйнө үчүн өтө кооптуу кесепеттери, узакка созулган согушка алып келиши мүмкүн болгон чыр-чатактын күчөшүнө олуттуу тынчсыздануусун билдирет.
Бул маалымат өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланды.
“Тажикстан эл аралык укуктун принциптерине жана нормаларына өзүнүн берилгендигин ырастап, Бириккен Улуттар Уюмуна, МАГАТЭге жана башка беделдүү эл аралык уюмдарга эл аралык укуктун бузулушуна жол бербөө, экологиялык кырсыктардын мүмкүндүгүн болтурбоо, аймакта тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чукул жана чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырат”,- деп айтылат маалыматта.
Тажикстан дагы бир жолу аймактагы бардык пикир келишпестиктер жана чыр-чатактар эл аралык укукка толук ылайык саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен гана чечилиши керектигин баса белгилейт министрлик.
Ошондой эле Жакынкы Чыгышта чыңалууну басаңдатууга жана туруктуу тынчтыкты калыбына келтирүүгө багытталган эл аралык коомчулуктун аракеттерин колдойт.
Эске сала кетсек, 22- июнда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Американын Ирандын бир катар өзөктүк объектилерге жасаган соккусун кескин айыптаган билдирүүсүн жарыялады.
“Суверендуу мамлекеттин аймагына ракеталык жана бомбалык соккуларга дуушар кылуу жөнүндөгү жоопкерчиликсиз чечим, аны актоо үчүн кандай аргументтер пайдаланылбасын, эл аралык укукту, Бириккен Улуттардын Уюмунун Уставын жана Бириккен Улуттардын Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын одоно бузуп жатат”,- деп белгилеген министрлик.
Мындан тышкары, бир катар мамлекеттер АКШ армиясынын Иранга карата бул согуштук кадамын айыптоодо.


















