Иран өзөктүк куралга ээ болууга умтулбайт, бирок тынчтык максатындагы өзөктүк энергияга укуктуу. Мындай маалыматты Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өлкө парламентине кайрылуу учурунда билдирди.
Бул тууралуу The National басылмасы маалымдады.
«Алар [Израиль жана Батыш өлкөлөрү] Иран өзөктүк куралга ээ болбошу керек дешет, бирок бизде андай куралга ээ болуу ниети таптакыр жок. Биздин коом үчүн пайдалуу болгон изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана өзөктүк энергияны пайдаланууга укугубуз бар жана эч ким бул укуктан бизди ажыратууга тийиш эмес», — деди ал.
Ошол эле учурда Ирандын Тышкы иштер министрлиги Тегеран өзөктүк куралды таркатпоого багытталган келишимге (ЯКТК – ДНЯО) ылайык милдеттенмелерин аткарууну улантып жатканын билдирди жана Жакынкы Чыгышта өзөктүк курал болбошу керек деген позициясын белгиледи.
«Өзөктүк куралды таркатпоо келишимине кол койгон өлкө катары биз өз милдеттерибизди билебиз жана Батыш Азияда (Жакынкы Чыгышта) эч бир мамлекет өзөктүк куралга ээ болбошу керек деп эсептейбиз», — деп билдирди Иран ТИМинин расмий өкүлү Исмаил Багаи.

















