Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров июнь айынын аягында Ашхабадга расмий сапар менен барарын Орусиянын Түркмөнстандагы элчиси Иван Волынкин билдирди.
Ал бул маалымтты “Орусиянын күнү” майрамына карата расмий кабыл алуу учурунда бөлүшкөнүн Turkmenportal.com агенттиги жазды.
“Учурда Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министринин Түркмөнстанга расмий сапарына активдүү даярдык көрүлүүдө. Биз Сергей Викторович Лавров Ашхабадга июнь айынын аягында келет деп күтүп жатабыз”, – деди ал.
Элчи ырааттуу түркмөн-орус диалогу мамлекеттер аралык мамилелердин бардык спектрин өнүктүрүүнүн эң маанилүү фактору экенин баса белгиледи.
Шаршемби күнү Ашхабадда «Йылдыз» мейманканасында Орусия күнүн белгилөө үчүн салтанаттуу иш чара өтүп, ага Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ходжамырат Гелдимырадов катышты.
Эскерте кетсек, “Россия күнү” майрамы 30 жылдан ашык убакыттан бери белгиленип келе жатат. Өлкөнүн бардык жарандары үчүн маанилүү болгон бул майрам 1990-жылы Мамлекеттик эгемендүүлүк декларациясынын кабыл алынышы менен байланыштуу болгон.



















