Нью-Йорк шаарында АКШ президенти Дональд Трамптын миграциялык саясатына каршы уюштурулган нааразылык акциясынын жүрүшүндө полиция ондогон адамды кармады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги маалымдады.
Шаардын борбордук бөлүгүндө 50дөн ашык адам катышкан демонстрация уланып жатат.
Демонстранттар колдорунда “Жетишет! Депортацияларды токтоткула!”, “Бул жерде мыйзамсыз жалгыз адам — Трамп!”, “ICEге жок дейбиз!” деген ураандар жазылган плакаттар менен чыгышкан.
Жеринде полиция күчтөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Демонстранттар Трампка таандык болгон Trump Tower мунарасынын лоббисин ээлеп, ал жерден кетүүдөн баш тартканда, полиция алардын бир канчасын кармап кеткен.
Бул акциялар Лос-Анджелестеги (Калифорния штаты) нааразылык акцияларын колдоо максатында өтүүдө. Ал жакта 6-июнда АКШнын Иммиграция жана бажы полициясы тарабынан (ICE) рейд жүргүзүлүп, мыйзамсыз мигранттарды кармоосу башталган. 7-июнга чейин 44 адам миграция мыйзамдарын бузду деген шек менен камакка алынган. Бул окуяларга жооп катары шаарда нааразылык акциялары жана баш аламандыктар башталган.
Демонстранттар менен кагылышуу штатты федералдык каржылоонун олуттуу кыскартуу тууралуу маалыматтардын фонунда тутанган. Эртеси Ак үй шаарга Улуттук гвардиянын 2000 аскери жайгаштырыла турганын жарыялады. Кийинчерээк Лос-Анджелес округунун бийлиги Улуттук гвардияны талап кылбаганын айтып, аны жайгаштыруу чечими жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кеңешпей туруп кабыл алынганын баса белгилешти. Бул Республикалык Ак үй менен штаттын Демократиялык жетекчилигинин ортосундагы коомдук талашка айланды.
Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом Вашингтондон болуучу федералдык каржылоонун олуттуу кыскартууларына жооп иретинде штат федералдык салыктарды төлөөдөн баш тартышы мүмкүн экендигин эскертти.
Бул акыркы ондогон жылдардан бери биринчи жолу президенттин Улуттук гвардияны штаттын өтүнүчү же макулдугусуз чакыруусу. Губернатор Трампты сотко берүүгө убада берди.
Лос-Анжелестеги нааразычылыктар уланууда. Демонстранттар полицияга бөтөлкө, фейерверк ыргытышууда, коопсуздук күчтөрү аларга желим ок жана жарык-үндүү гранаталар менен жооп беришүүдө. Калифорнияда 80ден ашуун адам камакка алынды.



















