АКШдагы Калифорния университети жана Улуу Британиядагы Оксфорд университетинин эл аралык окумуштуулар тобу кооптуу тенденцияны аныкташты: Жер жүзүндөгү температуранын жогорулашынын натыйжасында атмосфера мурдагыга караганда алда канча көп ным соруп жатканы белгилүү болду. Бул акыркы 40 жылда кургакчылыктын интенсивдүүлүгү 40%га жогорулаганын көрсөтөт.
Мындай жыйынтыктар Nature илимий журналына жарыяланды.
Изилдөөчүлөр белгилешкендей, кургакчылыкты буга чейин жамгырдын аз жаашынын натыйжасы катары гана кароо жетишсиз болуп чыккан. Эң негизги факторлордун бири болуп атмосферанын “чаңкоосу” эсептелет — бул, башкача айтканда, бууланууга (AED) болгон муктаждыгы, ал глобалдык ысуу менен кескин өсүп жатат. Ысык аба, чоң губка сымал, топурактан, өсүмдүктөрдөн жана суу булактарынан нымды активдүү соруп алат.
Бул эффектти өлчөө үчүн окумуштуулар соңку 100 жылдан ашуун мезгилдин климаттык маалыматтарын жана татаал компьютердик моделдерди колдонушкан. Алар атмосферанын нымды соруу жөндөмү дүйнөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачындын көлөмүнө караганда ылдамыраак өсүп жатканын аныкташкан. Айрыкча бул көрүнүш тропиктерде жана кургакчыл аймактарда байкалууда.
Мындай өзгөрүүлөрдүн кесепеттери дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында сезилүүдө: токойлордун өрттөнүшү көбөйүп, айыл чарба түшүмдүүлүгү төмөндөп, суу ресурстары азайууда.
Изилдөөнүн авторлорунун бири Крис Фанктын айтымында, температуранын аз гана көтөрүлүшү да атмосферанын «чаңкоосун» күчөтүп, экосистемалар жана айыл чарбасы үчүн өзгөчө кооптуу абалды жаратууда.



















