Иран Ислам Республикасынын Эр-Рияддагы элчиси Алиреза Энаяти Сауд Аравиянын ички иштер министри, ажылык боюнча жогорку комитеттин төрагасы, ханзаада Абдулазиз бин Сауд бин Наиф бин Абдулазиз менен жолукту.
ISNA агенттиги маалымдагандай, Жидда шаарындагы жолугушуу Эр-Рияддын Сауд Арабиядагы эки ирандык туткунду бошотуу чечиминен кийин болду.
Жолугушууда жалпы кызыкчылык туудурган бир катар маселелер талкууланды.
Буга чейин Иран Ислам Республикасынын Ажылык жана зыяратчылык уюмунун башчысы Алиреза Баят Сауд Арабиянын ички иштер министри менен Жидда шаарында жолугуп, кеңешүүлөрдү өткөргөн.
Буга чейин иран ЖМКлары Ирандын эки жараны Сауд Аравиянын Мадина шаарында камактан бошотулганын маалымдашкан. Камоого эмне себеп болгону маалымдалган жок.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин башкы директору Карими Шасати ирандык жарандаржын бошотулушун Ирандын Эр-Рияд жана Жидда шаарларындагы элчилигинин жана башкы консулдугунун, ошондой эле Ажылык жана зыяратчылык уюмунун биргелешкен аракети менен байланыштырды. Ал ошондой эле Сауд Арабиянын компетенттүү органдарынын бул жаатта жакшы кызматташтыгына баа берди.



















