АКШ Кытайды технологиялык жарышта озуп өтүү үчүн дээрлик бардык ыкмаларды колдонуп көрдү, бирок алардын бири да ийгиликтүү болгон жок. Мындай пикирди The Wall Street Journal (WSJ) гезитинин кабарчысы Кристофер Мимс жума күнү билдирди.
«АКШ жасалма интеллект (ЖИ), энергетика, пилотсуз унаалар, дрондор жана электромобилдер сыяктуу тармактарда Кытайды жеңүү үчүн дээрлик бардык жолдорду колдонду. Бирок азырынча бири дагы ишке ашкан жок», — деп жазат ал. Мимстин айтымында, кытай электромобилдери «арзаныраак жана көп жагынан америкалык аналогдордон жакшыраак», күн панелдери менен батареялардын дүйнөлүк өндүрүшүнүн көп үлүшү Кытайга тиешелүү, ал эми Tesla жана Waymo (Alphabet корпорациясынын туундусу) кытайдын пилотсуз унаа өндүрүүчүлөрүнөн кыйла артта калууда.
«АКШ менен анын союздаштары микрочиптер жана жасалма интеллект жаатында азырынча бир аз артыкчылыкка ээ болгону менен, Кытай бул тармактарда абдан ылдам темп менен жакындашууда», — деп белгилейт журналист.
Мимс мындан тышкары, АКШ өкмөтү дээрлик бир добуштан Кытайга ЖИ микросхемаларын жана аларды чыгаруу жабдыктарын экспорттоого тыюу салууну колдой турганын жазат. Бул аркылуу Кытайдын технологиялык өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратуу көздөлүүдө. Бирок айрым эксперттер мунун тескери таасири болушу мүмкүн деп эсептешет — бул саясат Кытайды өзүнүн технологиялык экосистемасын ыкчам өнүктүрүүгө мажбурлайт. Мындай пикирди, мисалы, Nvidia корпорациясынын башкы директору да карманат.
Мимс сүйлөшкөн адистердин айтымында, Кытайда АКШ соода согуштарын жүргүзгөн мурунку өлкөлөргө салыштырмалуу «уникалдуу артыкчылыктардын» жыйындысы бар:
- Кытайдын чоң калкы бар жана алар иштерман, билимдүү,
- Nvidia жетекчиси белгилегендей, ЖИ тармагындагы дүйнөлүк инженерлердин жарымы Кытайда,
- Ички базары ири болгондуктан, компаниялар дүйнөлүк рынокко чыкканга чейин өз өлкөсүндө такшала алат.
Кытай азырынча АКШ жана башка мамлекеттерден келген чийки заттарга жана адистештирилген продукцияга көз каранды бойдон калууда. Бирок бул көзкарандылык Коммунисттик партиянын технологиялык өзүн-өзү камсыздоо максатын ишке ашыруусунун натыйжасында азайып жатат.
«Жыл өткөн сайын Кытай өзүнө керектүү товарларды — микрочиптердин эң кичине тетиктеринен тартып ири жүк ташуучу кемелерге чейин — өзүндө өндүрүп жатат», — деп жыйынтыктады Мимс.


















