АКШнын Каржы министрлиги Сирия менен операцияларды жүргүзүүгө уруксат берген жаңы лицензияга ылайык, сириялык авиакомпаниялардан, бир катар банктардан жана кеме ташуу компанияларынан санкцияларды алып салды. Бирок ошол эле учурда Россия, Иран жана Түндүк Корея (КНДР) үчүн транзакциялар дале тыюу салынган бойдон кала турганын белгиледи.
“Бул генералдык лицензия төмөнкүлөргө уруксат бербейт… Россия Федерациясынын өкмөтү, Иран өкмөтү, КНДР өкмөтү үчүн же алардын атынан жүргүзүлгөн операцияларга, ошондой эле Иранга, Россияга же КНДРге товарларды, технологияларды, программалык камсыздоону, каражаттарды, каржылоону же кызматтарды берүү же жеткирүү менен байланышкан операцияларга уруксат берилбейт”, — деп айтылат лицензиянын текстинде.
Лицензияга тиркелген тизмеде эми транзакция жүргүзүүгө уруксат берилген компаниялар, уюмдар жана адамдар көрсөтүлгөн. Алардын катарында Syrian Arab Airlines авиакомпаниясы, Сириянын коммерциялык банкы, Борбордук банкы, Сирия газ компаниясы, Мунай компаниясы, Латакия порту, Сириянын энергетика жана туризм министрлиги бар.
АКШ ошондой эле БУУ “Аль-Каида” террордук уюму менен байланышы бар адамдардын тизмесине киргизген Сириянын президенти Ахмед аш-Шараага жана ички иштер министри Анас Хаттабдан чектөөлөрдү алып салды.
Уруксат Сириянын экономикасын, каржы секторун жана инфраструктурасын “АКШнын тышкы саясий кызыкчылыктарына шайкеш келген түрдө” калыбына келтирүүгө жардам берүүгө багытталган. Каржы министрлиги санкциялардын жумшартылышын Башар Асаддын режиминин кулашы жана Сирияда жаңы өкмөттүн бийликке келиши менен байланыштырды.
Дамаскка каршы ондогон жылдарга созулган санкцияларды алып салуу боюнча талкуулар президент Башар Асад бийликтен кулатылгандан кийин башталган. 13-майда АКШ президенти Дональд Трамп Сирияга каршы санкцияларды алып салууга жана ага “экинчи мүмкүнчүлүк берүүгө” убада берген. Ал өлкөгө каршы чектөөлөр “катаал” болгонун, бирок маанилүү функцияны аткарганын айткан.
Евробиримдик да Сирияда бийлик алмашкандан кийин ага каршы санкцияларды алып салуу чечимине келген.

















