Ирандын президенти жана белгилүү кардиохирург Масуд Пезешкян 22-майда Тебризге жасаган сапарынын алкагында “Шахид Мадани” атындагы адистештирилген ооруканасындагы мурдагы жумуш ордуна келип, эки бейтаптын жүрөгүнө жеке өзү операция жасады.
Бул тууралуу ирандык “Mehr News” агенттиги жазды.
Масуд Пезешкиандын ачык жүрөккө жасаган эки операциясы тең ийгиликтүү өттү: митралдык клапандын катуу жетишсиздигинен жабыркап келген 46 жаштагы эркек бейтапка клапанды калыбына келтирүү операциясы жасалса, экинчи бейтап митралык клапан пролапсы менен ооруган 36 жаштагы аялдын клапаны калыбына келтирилди. Эки бейтаптын тең абалы жакшы экени кабарланды.
Президенттин бул кадамы символикалык, бирок ошол эле учурда кесипкөйлүк мүнөзгө да ээ болуп, өлкө башчысынын медицинадагы жогорку деңгээлдеги чеберчилигин көрсөттү.
Пезешкиан саясатка келгенге чейин көп жылдар бою дарыгер жана кардиохирург болуп иштеп, азыр мамлекет башчысы болгон күндө да медициналык коомчулук менен байланышын сактоого аракет кылып келет.
Масуд Пезешкиандын жүрөккө операцияны жеке өзү жүргүзүшү – бул анын дарыгер катары кесипкөйлүгүн, медицинага берилгендигин жана эл менен болгон байланышын көрсөтүп турат. Бул окуя анын адамкерчилигин жана президенттик кызматты өзүнүн адистиги менен айкалыштырып башкарууга аракет кылып жатканын далилдейт.
Масуд Пезешкян 1954-жылы Ирандын Батыш Азербайжан провинциясынын Мехабад шаарында төрөлгөн.
Ал Иран медициналык илимдер университетин “кардиохирургия” адистигин бүтүргөн. Иран-Ирак согушу учурунда ал аскер дарыгери болуп иштеген. 1994-1999-жылдары Табриз медициналык илимдер университетин жетектеп, 2001-2005-жылдары Мохаммад Хатаминин өкмөтүндө саламаттыкты сактоо министри болуп иштеген. 2016-2020-жылдары биринчи вице-спикер болуп иштеген.
Пезешкян 2024-жылы июнда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда жеңишке жетип, тогузунчу президент болуп шайланган. Ал 2024-жылдын 19-майында Чыгыш Азербайжан провинциясында тик учак кырсыгынан каза болгон маркум президенти Ибрахим Раисинин оруна келген.






















