Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи эгер Израиль Ирандын өзөктүк объекттерине коркутууларын улантса, Тегеран аларды коргоо үчүн «өзгөчө чараларды» көрөрүн билдирди.
Бул тууралуу ал Х соцтармагында жазып, Ирандын чаралары эл аралык уюмдардын аракеттерине ылайык боло турганын баса белгиледи, деп маалымдайт Associated Press.
«Мен эл аралык коомчулукту Израилдин уланып жаткан коркутууларына каршы натыйжалуу чара көрүүгө чакырам. Эгер алар токтотулбаса, Иран өзгөчө чараларды көрүүгө мажбур болот», — деди Аракчи.
Анын айтымында, Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу ар кандай өзгөрүүлөр МАГАТЭге (Эл аралык атом энергиясы агенттигине) билдирилет. БУУга жөнөтүлгөн катта АКШга да эскертүү берилген. Анда Израиль Ирандын объекттерине чабуул жасаган учурда, АКШ «укуктук жоопкерчилик» тарта турганы айтылат.

















