Япониянын Аичи префектурасындагы Инуяма шаарына жакын жерде Япониянын коргоо күчтөрүнүн машыгуу учагы кулап түштү.
Окуя жергиликтүү убакыт боюнча түшкү саат үчтөр чамасында болгон. Өрт өчүрүүчүлөр учактын сууга кулап түшкөнү тууралуу сигнал алышкан.
Бул тууралуу NHK телеканалы Япониянын Коргоо министрлигиндеги аткаминерлерге шилтеме берип кабарлады.
Кырсыктаган учак Т-4 учагы экенин өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.
Министрлер кабинетинин башкы катчысы Ёсимаса Хаяси коргоо күчтөрүнүн машыгуу учагы Япониянын борбордук бөлүгүндөгү Комаки аскерий базасынан көтөрүлгөндөн кийин кулап түшкөнүн ырастады.
Ведомствонун маалыматына караганда, учак радардан жоголуп кеткен, муну NHK телеканалы да тастыктады. Учакта эки адам болгон. Алардын тагдыры жана абалы азырынча белгисиз. Кырсык болгон жерде куткаруу топтору жана өрт өчүрүүчүлөр иштеп, экипажды издөө иштерин жүргүзүүдө.
Аскердик ведомствонун өкүлдөрү кырсыкка эмне себеп болушу мүмкүн экенин такташкан жок.




















