Германия палестиналык аймактардагы жарандык калкка гуманитардык жардам катары дагы 30 миллион евро бөлөт.
Бул тууралуу Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль Палестинанын премьер-министри Мухаммед Мустафа менен Рамаллада болгон жолугушуудан кийин билдирди, деп кабарлайт DPA агенттиги.
Аталган каражаттар, башкалар менен катар, тамак-аш жардамына, суу менен камсыздоого, саламаттыкты сактоого жана убактылуу турак жай курууга жумшалат. Ошентип Германия палестиналык аймактардагы эң ири донорлордун бирине айланат — 2023-жылдын октябрынан бери көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 333 миллион евро болот.
Негизги көңүл тамак-аш жардамына, баштапкы медициналык жардамга жана психосоциалдык колдоого бурулууда.
















