Кыргызстанда 1-май Эл аралык эмгек күнү деп белгиленген майрам КМШга мүчө мамлекеттердин көбүндө белгиленип, бирок майрамдын аталышы ар башка.
Арменияда 1-май Эмгек күнү, ал эми Беларусь менен Кыргызстанда – Эмгек күнү деп белгиленсе, Казакстан- Казакстан элинин биримдиги күнүн майрамдайт. Орусияда 1-май жаз жана эмгек майрамы. Ошондой эле Тажикстанда Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү деген аталыш менен белгиленет.
Бул майрам Арменияда, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Орусияда дем алыш күн.
Украинада 2017-жылы Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү – Эмгек күнү деп өзгөртүлгөн.
Кечээ бул күнү Украинада жөн гана Эл аралык эмгек күнү, ал эс алуу күнү бойдон калды. Массалык майрамдар жана демонстрациялар болгон жок. Бул өлкө 2022-жылы аскердик абалдын башталышы менен өкмөт кошумча майрамдарды жокко чыгарган. Азыр 1-май расмий майрамдалбайт.
Тарыхка кайрыла турган болсок, 1-Май өзүнүн заманбап формасы боюнча 19-кылымдын орто ченинде сегиз сааттык жумуш күнүн киргизүүнү негизги талаптарынын бири катары койгон жумушчу кыймылында пайда болгон.
1856-жылдын 21-апрелинде биринчилерден болуп сегиз сааттык жумуш күнүн Австралияда жумушчулар талап кылышкан. Ошондон бери бул майрам Австралияда жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чарага айланган.























