Жаңы Зеландиянын батыш жээгинде күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталды.
АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) билдиргендей, жер титирөөнүн очогу өлкөнүн батыш тарабынан болжол менен 286 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жер титирөө болжол менен 10 чакырым тереңдикте болгон жана анын магнитудасы 6,2 деп аныкталды.
Алгачкы маалыматтарга ылайык, жер титирөөдөн кийин цунами жөнүндө эскертүү жарыяланган жок.
Курмандыктар жана кыйроолор катталган эмес.

















