Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэль Гросси Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро менен биргелешкен маалымат жыйынында Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге токтолуп, кандай гана келишим болбосун агенттиктин көзөмөлү болбосо, ал кагаз барактары гана болуп каларын билдирди.
“Биз бир нече жуманын ичинде бир жыйынтыкка келишибиз керек, ага жетишүүгө болот. Жакынкы Чыгышта жана дүйнөдө ар кандай согуштук чыңалууга жол бербешибиз керек. Дипломатияга жетүүгө болот”, – деди Гросси.
ISNA агенттигинин маалыматына ылайык, бул маалымат жыйыны БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жабык эшик артындагы ядролук куралды таратпоо боюнча жыйынынан кийин өткөрүлгөн.
“Белгилүү болгондой, Иран менен АКШ маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Агенттик мониторинг үчүн талап кылынган өзүнүн техникалык механизмдерин жана колдоочу чараларын сунуштоосу үчүн мен бир эле учурда Аракчи жана Уиткофф менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам”, – деди ал.
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро өз кезегинде Иран менен АКШнын ортосунда Европанын катышуусуз эки тараптуу келишим түзүү мүмкүнчүлүгүнө комментарий берип, Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө Европанын кызыкчылыгына туура келерин айтып, Американын саясатчылары менен тыгыз кызматташууну белгилеп, сүйлөшүүлөрдү колдоорун билдирди. Ал ошондой эле Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планынын (JCPOA – өзөктүк келишим – ред.) мөөнөтү аяктап баратканын баса белгиледи.
Министр Европанын өзөктүк келишим боюнча милдеттенмесин белгилеп, жайында Ирандын милдеттенмелерине жараша санкцияларды жаңыртуу боюнча маанилүү чечим кабыл алынарын белгиледи.
Ал Иранды өзөктүк куралга умтулууда жана уранды байытуу боюнча милдеттенмелерин бузду деп айыптап, Европанын коопсуздук кызыкчылыктарына кепилдик берилбесе, Иранга каршы 10 жыл мурда жоюлган бардык санкциялардын кайтарылышына алып келет деди.
Ошол эле учурда ал Иран менен Америка Кошмо Штаттары экөө тең Ирандын өзөктүк программасын чектеген туруктуу жана текшериле турган келишимге жетишүүнү кааларын көрсөтүшкөнүн белгиледи.
“Биз уланып жаткан сүйлөшүүлөр жемиштүү болуп, конкреттүү чечимдерге алып келет деп үмүттөнөбүз”, – деди Жан-Ноэль Барро.
Гросси ирандык аткаминерлер менен болгон акыркы консультациялары жана Агенттик менен Ирандын ортосундагы жаңы келишимдер тууралуу суроого жооп берип жатып, МАГАТЭ дагы эле Иранда экенин жана Ирандын объектилери Агенттиктин текшерүүсүндө жана көзөмөлүндө экенин белгиледи.
Ал Иран менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу процесстин жана Ирандын МАГАТЭ менен кызматташтыгынын ортосундагы өз ара байланышты баса белгилеп, эки багытта прогресске үмүттөнөрүн билдирди.
Гросси ошондой эле иран бийлиги ачыктыкты камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүүгө даяр экенин, анын ичинде байкоо камералары жана инспекторлор менен байланышкан маселелер боюнча да даяр экенин билдирди.
2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.

















