Иран менен АКШнын ортосундагы өзөктүк программа боюнча кыйыр сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасы 3-майда Римде өтүшү мүмкүн.
Бул тууралуу “Axios” басылмасынын журналисти Барак Равид кырдаалдан кабардар булактарга таянуу менен билдирди.
“Иран-АКШ сүйлөшүүлөрүнүн төртүнчү айлампасы ишемби күнү Римде болору күтүлүп жатканын маалымдар эки булак билдирди”, – деп жазды “Axios” басылмасынын журналисти X социалдык баракчасына.
Жалпысынан АКШ менен Иран буга чейин кыйыр сүйлөшүүлөрдүн үч айлампасын өткөрүшкөн. Биринчиси 12-апрелде Маскатта, экинчиси 19-апрелде Римде болгон.
Үчүнчү айлампасы 26-апрелде Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен АКШнын президентинин атайын чабарманы Стив Уиткоффтун, ошондой эле эки тараптын техникалык топторунун катышуусунда Оманда болуп өткөн. Анын жыйынтыгы боюнча ирандык министр сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө канааттанганын билдирди.
Уиткофф Иран менен сүйлөшүүлөр позитивдүү жана жемиштүү болгонун, эки тарап Европада “жакында” кайрадан жолугушууну макулдашканын кошумчалаган.
Омандын Тышкы иштер министри Бадр аль-Бусаиди кийинки раунд 3-майга белгиленгенин билдирген. Ошол эле учурда ирандык тарап Омандын бийликтери иранк-америкалык консультациялардын ордун да, убактысын да аныктай турганын белгиледи.
Буга чейин “Reuters” агенттиги Иран Евробиримдиктин 3 өлкөсүнө (Германия, Улуу Британия жана Франция) өзөктүк программа боюнча жыйынды 2-майда Римде өткөрүүнү сунуштаганын кабарлаган.
Өзөктүк келишим
2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.


















