Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) Россиянын президенти Владимир Путинге каршы чыгарган ордери мыйзамсыз болуп эсептелет. Эгер кандайдыр бир өлкөлөр бул чечимди аткарууга аракет кылышса, анда алар өзөктүк держава менен кагылышуунун кесепеттерин түшүнүшү керек.
Бул тууралуу Россия Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев 2025-жылдын биринчи санына жарык көргөн Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин «Правоведение» журналында жарыяланган макаласында билдиргенин ТАСС агенттиги кабарлады.
«Мен мурда да жазганымдай, ЭКСтын соттун статутуна катышпаган мамлекет башчысына карата мыйзамсыз чечимин аткаруу эмнеге алып келерин алдын ала айта алам. Мындай чечимди аткаруу casus belli (латынча — “согушка себеп”) катары каралышы мүмкүн. Өзөктүк держава жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсүнүн жетекчилигине карата мындай чечимдердин кооптуулугу жөнүндө айтпаса да түшүнүктүү», — деп жазган Медведев.
Ошондой эле, ал ордерди чыгарган адамдар ошол мамлекеттин тергөө жана сот органдары тарабынан жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн жана ушундай чара көрүлүшү керек экенин кошумчалаган. Ошондой эле алар бул мамлекеттин жетекчилигин мыйзамсыз жоопкерчиликке тартуу аракети болуп саналарын түшүнүүүгө тийиш.
















