Рим папасы Францискти акыркы сапарга узатуу зыйнаты 26-апрелде Ватиканда өтөт.
Аны менен коштошуу аземине 250 миңге чейин адам, анын ичинде дүйнө лидерлери жана европалык королдук үй-бүлө мүчөлөрү катышат.
Ватикандын массалык маалымат каражаттары белгилегендей, салтанат Ыйык Петр соборунун жанындагы аянтта өтөт.
Эскерүү аземинен кийин понтификтин сөөгү анын керээзине ылайык Римдеги Эскилин дөбөсүндөгү Санта-Мария Маджоре базиликасына көмүү үчүн өткөрүлүп берилет.
Ал акыркы 100 жылдан бери Ватикандын сыртына коюлган биринчи папа болот.
«Мүрзө жерде, жөнөкөй, эч кандай өзгөчө жасалгасы жок жана бир гана жазуусу бар болушу керек: Франциск», – дейт понтификтин керээзинде.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына 250 миңге чейин адам катышары күтүлүүдө. Алардын арасында көптөгөн мамлекет башчыларынын аты аталууда.
Римге ханзаада Уильям, АКШнын президенти Дональд Трамп, корол Фелипе VI, Испаниянын ханышасы Летиция, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана башкалар келет.
Мындан тышкары, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катыша турганын жарыялаган төмөнкү башка дүйнөлүк лидерлер бар:
Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва, Польшанын президенти Анджей Дуда, Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен, Украинанын президенти Владимир Зеленский, Папа Францисктин мекени болгон Аргентинанын президенти Хавьер Майли. Ошондой эле Англиянын премьер-министри сэр Кир Стармер, Италиянын премьер-министри Джорджио Мелони.
Эскерте кетсек, Рим папасы Франциск 21-апрелде Ватикандагы резиденциясында 88 жаш курагында каза болду.
Февралдын ортосунда понтифик оор респиратордук инфекция менен ооруканага түшүп, марттын аягында гана ооруканадан чыккан.
Өлөрүнө бир күн калганда ал көптөн бери биринчи жолу Ыйык Петр аянтына чыгып, миңдеген ишенгендерди Пасха майрамы менен куттуктаган.




















